Коом
УКМК: Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 14 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну 1999-жылдан бери Ак-Дөбө айыл башкармалыгынын балансында турган 14 га жер участогун мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээси жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экендигин түшүнүп, 14 га жерди Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын балансына ыктыярдуу негизде кайтарып берди.



