Коом

Ошто изделип жаткан 8 жаштагы бала тоого чүкүрү тергени бараткан

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделип жатканын билдиришкен.

«20-апрель күнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө Ой-Тал айыл аймагында 2016-жылы туулган бала сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу чыгышып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 

Анын жүрүшүндө, 20-апрель күнү саат 13:00 чамасында Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагынын 2016-жылы туулган тургуну жана ушул эле аймактын 2011-жылы туулган тургуну чүкүрү тергени экөө бир атка учкашып минип, дарыядан өтүп бара жатканда аты кокустан жыгылып, 2016-жылы туулган бала сууга агып кеткендиги, ал эми экинчиси суудан сүзүп чыгып кеткендиги маалым болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button