Коом
УКМК: Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара алуу фактысы боюнча кармалды


Тергөөнүн жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери Ленин райондук ИИБнын өндүрүшүндө турган кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен жарандан жогорудагы акча каражатын алганы аныкталган.


Кармалган кызматкерлер КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.



