Коом

Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тууралуу тескемеге кол койду.

Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн дүйнөлүк тарыхый маанисин жана Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынды.

2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери катталган.

Тескемеге ылайык, төмөнкү категориядагы ардагерлерге 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам берилет:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
  • Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда концлагерь жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундарына;
  • Блокадалык Ленинградда иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы же “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга.

Жардамды төлөөгө Кыргыз Республикасынын президентинин резервдик фондунан жалпы 3 миллион 232 миң сом бөлүнөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button