Коом
Кыргызстанда эң узун тоннелдин курулушу баштады

Тоннель Жалал-Абаддын Сузак районунан Тогуз-Торо районуна чейин (12 км) өтөт. Ушундай эле узундуктагы дагы эки тоннель Нарын менен Жалал-Абадда да салынары айтылды.
Бул келечектеги Кытай —Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун маанилүү объектилеринин бири болуп калмакчы.
Эскерте кетсек, Кыргызстандан темир жолдун 300 чакырымы өтөт. Инвестициянын жалпы көлөмү 4,7 млрд долларга бааланууда. Үч өлкөдө 46 көпүрө жана 27 тоннель курулмакчы.
Темир жолдун курулушуна өткөн жылдын 27-декабрында расмий старт берилген.



