Коом

Кыргызстанда 243 бала убактылуу фостердик үй-бүлө тапты

2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө 113 багып алуучу үй-бүлө иштейт. Алардын колунда турмуштук оор кырдаалга кабылып, ата-энесинин камкордугусуз калган 243 бала бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, блдар асырап алуу же камкордукка алуу мүмкүн болбогон учурларда фостердик үй-бүлөлөргө берилет. Багуу убактысы кыска мөөнөттүү (бир нече сааттан бир айга чейин) же алты айдан ашык узак мөөнөттүү болушу мүмкүн.

Фостердик үй-бүлөлөргө мамлекет төмөндөгүдөй каржылык колдоо көрсөтөт. 2025-жылы:

  • 0 жаштан 7 жашка чейинки бир баланы багуу үчүн айына 12 200 сом бөлүнөт;
  • 7 жаштан 14 жашка чейин – 14147 сом;
  • 14 жаштан 17 жашка чейин – 15 567 сом.

Асырап алуучулардын айлыгы балдардын санына жана абалына жараша 13500 сомдон 17500 сомго чейин. Бардык төлөмдөр Улуттук статистикалык комитет тарабынан жыл сайын бекитилүүчү жашоо минимумунун негизинде эсептелет.

Фостердик үй-бүлө институту 2012-жылдан бери иштеп келе жатат. 2014-жылы фостердик 5 гана үй-бүлө бар болсо, 2025-жылга карата алардын саны 113кө жеткен.

Маалымат үчүн: Фостердик үй-бүлө — келишимдин негизинде баланы үй-бүлөлүк чөйрөдө убактылуу тарбиялоо формасы. Атайын окуудан өткөн Кыргызстандын 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандары ата-эне боло алышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button