Коом
73 жаштагы карыя Баткенден Бишкекке жөө келди. Ал 22 күндө жеткен

73 жаштагы аксакал Абдыбакир Имаров Баткенден Бишкекке 22 күндө жөө басып келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Баткендин тургуну жөө жүрүштү Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата, элди сергек жашоого үндөө максатында жасаган. Ал 14-ноябрда Баткенден жолго чыгып, борбор калоага 25 күндө жетүүнү ойлогон. Бирок 22 күндө келген.



