УКМК академиясы жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институту өнөктөштүктү кеңейтет

26-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясы жана Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институту ортосунда билим берүү жана илимий ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документ эки билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана бир катар стратегиялык маанилүү багыттар боюнча биргелешкен иш-чараларды өнүктүрүүгө багытталган.
Коргонуу жана коопсуздук жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого, илимий жана окутуучу кадрлардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга, заманбап билим берүү технологияларын киргизүүгө жана практикага багытталган окутууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Кызматташтыктын алкагында ошондой эле курсанттар үчүн практика жана стажировкаларды уюштуруу, окуу-машыгуу сабактарын өткөрүү, талаа машыгуулары, ошондой эле атайын окуу-материалдык базаны колдонуу каралган.
Артыкчылыктуу багыттардын бири — аскердик-колдонмо жана атайын дене тарбия даярдыгын өнүктүрүү, илимий багытта окутуу ыкмаларын киргизүү, спорттук жана аскердик-патриоттук иш-чараларды өткөрүү болуп саналат.
Жетишилген макулдашуулар адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана жаштарды патриоттуулукка, жоопкерчиликке жана кесипкөйлүккө тарбиялоого багытталган билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.



