Персоналдык ассистенттердин кызмат акысы жашоо минимумуна жараша берилет

Министрлер Кабинети майыптыгы бар балдарды жана туруктуу сырттан кароого жана көзөмөлгө муктаж I топтогу майыптыгы бар 18 жаштан жогорку жарандарды караган персоналдык ассистенттердин кызмат акысын төлөө шарттарын бекитти.
Тиешелүү токтомго ылайык, персоналдык ассистенттердин кызмат акысынын өлчөмү жыл сайын өткөн календардык жыл үчүн эсептелген жашоо минимумунун орточо айлык өлчөмүнүн негизинде аныкталат. Бул көрсөткүчтү Улуттук статистика комитети эсептеп чыгат.
Токтом майыптыгы бар балдарды, ошондой эле 18 жаштан жогорку I топтогу майыптыгы бар жана туруктуу кароого муктаж жарандарды караган персоналдык ассистенттерге тиешелүү.
Документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.



