Коом

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кызматкерлерге ЖМК менен байланышуу боюнча тренинг өткөрдү

27-апрелде  Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары “ЭСКММ”) бардык аймактык башкармалыктарды кошкондо, 70 кызматкерге медиа сабаттуулук боюнча биринчи республикалык тренинг өткөрдү. Окутуу Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

 «Заманбап дүйнөдө ЖМКлар жана социалдык тармактар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүнө ишеним деңгээлин калыптандырууда, мамлекеттин социалдык натыйжалуулугунун баалоо критерийи катары кызмат кылат. Эмгек жана ишке орноштуруу, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү иш жөнүндө маалыматты таратуу жана  бүгүнкү күндө 2,4 миллиондон ашык кыргызстандык же өлкөнүн жашаган калкынын дээрлик жарымы мамлекеттик орган менен биздин кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосунда маанилүү байланыш болуп саналат. Алардын бардыгы биз көрсөтүп жаткан кызматтардан толук кабардар болушу маанилүү”, — дейт  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.

Тренингдин жүрүшүндө ЭСКММ кызматкерлери министрликтин ишинде медиа сабаттуулуктун маанилүүлүгүн, маалыматты социалдык тармактарда жайылтуу жана медиа-пландаштыруунун маанилүүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле кызматкерлерге министрликтин адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы ишмердүүлүгү жана Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун маалыматы берилди. Өлкө жетекчилиги жарандардын кайрылууларына оперативдүү түрдө жооп берүү, объективдүү маалымат берүү жана социалдык тармактар аркылуу жарандар менен активдүү баарлашуу милдетин койду. Мамлекеттик органдардын бардык өкүлдөрү жарандардын кайрылууларына жооп берүүнү үйрөнүшү керек. Ири бренддер жана компаниялар сыяктуу. Так ошондой эле, мамлекеттик органдар өз кызматын алуучуларды сыйлаган жана алар менен өз ара аракеттенүүгө даяр брендге айланышы керек” — деп, белгилеп кетти Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Темирбекова.

Миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналган ЭСКММ үчүн коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, коопсуз миграция каналдары, чет өлкөдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу актуалдуу маалымат берүү жана адам өмүрүнө сатуу коркунучун туудурган тобокелдиктер тууралуу эскертүү маанилүү.

—————

USAID тарабынан каржылануучу Борбордук Азиядагы коопсуз миграция боюнча долбоор  Winrock International Борбордук Азиянын төрт өлкөсүндө ишке ашырылат. Долбоордун максаты өкмөттөрдүн, жарандык жана жеке секторлордун потенциалын жана өз ара жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу адамдарды сатууга каршы туруу, жабыркагандарды коргоо жана коопсуз миграцияга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Долбоор USAIDдин Азия өлкөлөрүндөгү адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар комплексинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Кеңири маалымат Борбордук Азиядагы USAIDдин веб-сайтында https://www.usaid.gov/central-asia-regional жана Фейсбук баракчасында жеткиликтүү: https://www.facebook.com/USAIDCentralAsia/ .

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button