Коом
Бишкекте 9-11-класстын окуучулары аскердик авиациялык техникалар менен таанышты

Бүгүн Бишкектеги 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуучулар үчун ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Анын алкагында №57 мектебинин 9-11-класстарынын 145 окуучусу Куралдуу күчтөрүдүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачылыгынын аскер кызматчылары жана аскер бөлүктүн өздүк курамы менен жолугушту.

Андан соң окуучулар үчүн күжүрмөн даярдыктын элементтери көрсөтүлгөн окуу пункттары уюштурулуп, ошондой эле авиациялык техникалардын көргөзмөсү өткөрүлдү.
Иш-чара өсүп келе жаткан муундун Мекенге болгон сүйүүсүн тереңдетүү, патриоттук сезимин ойготуу жана аскердик кызматка болгон урмат-сыйын калыптандыруу максатында уюштурулду.




