Коом

Садыр Жапаров Эсеп палатасынын штатын көбөйттү

Президент Садыр Жапаров №331 жарлыкка кол коюп, Эсеп палатасынын штаттык санын сегиз техникалык жана тейлөө кызматкерине көбөйттү.

Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнө жүктөлдү.

Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпы штаттык саны өлкө боюнча 246 мамлекеттик кызматкерди түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button