Коом
Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүндө жаңы унаа токтоочу жай пайда болду

Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө жаңы унаа токтотуучу жайлар орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматкери билдирди.
Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо көчөсүнө, Д.Өмүрзаков атындагы стадионго жакын жерде жаңы унаа токтотуучу жайлар түзүлдү.
Узундугу 120 метр, туурасы 5 метр болгон унаа токтотуучу жай 40ка жакын унааны батыра алат. Эми спортчулар, күйөрмандар жана спорттук иш-чаралардын ышкыбоздору унааларын стадиондун жанына ыңгайлуу токтото алышат.
Андан сырткары, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы жашылдандыруу жана тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн жердин топурагын төмөндөтүү иштерин жүргүздү.



