Коом

УКМК: эт азыктарын саткан ири ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эт азыктарынын бааларын мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилген талаптарын сактоо максатында, КР УКМК тарабынан Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда эт азыктарын саткан ири чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жер-жерлерде көчмө жыйындар өткөрүлдү.

2025-жылдын 11-августунан тартып, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизген. Ага ылайык жөнөкөй эттин 1 килограммы үчүн болгон баа 700 сом, ал эми сулп эт 790 сомдон ашпашы керек.

Баарлашуу учурунда ишкерлерге белгиленген өкмөттүк эрежелерди сактоо жана эт азыктарынын бааларын жасалма түрдө көтөрүүгө жол бербөө зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди.

Ошондой эле эт азыктарына жасалма түрдө бааларды көтөрүү жана эттин бааларын мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилген талаптарына баш ийбеген учурлар аныкталса, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаары өзгөчө баса белгиленди.

КР УКМК азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана зарыл болгон товарлардын баасынын жасалма кымбатташына жол бербөөгө багытталган тиешелүү иш-чараларды улантууда.

Мындан тышкары, КР УКМК эттин баасын аныктоо саясатына карата мыйзамга туура келбеген атайылап саботаж жасагандар кылмыш жообуна тартылаарын эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button