Коом

Манас шаарында IT-борборду түзүү боюнча МЖӨ долбоору ишке ашырылууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун ишке ашырылышын мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Манас шаарындагы инновациялык IT-борборго барды.

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында ишке ашырылып, IT-билим берүүнү өнүктүрүүгө, кесиптик коомчулукту колдоого жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоого багытталган.

Долбоордун мамлекеттик өнөктөшү — Манас шаарынын мэриясы, ал эми жеке өнөктөшү — «Ай Ти Ран» ЖЧКсы. МЖӨ жөнүндө макулдашуу 2024-жылдын 27-апрелинде 30 жылдык мөөнөткө кол коюлган. Инвестициялардын жалпы көлөмү 20 млн 445 миң сомду түзөт.

Долбоор IT чөйрөсүндө билим берүү программаларын ишке ашырууну, практикалык сабактарды, мастер-класстарды жана хакатондорду өткөрүүнү, ошондой эле аймактагы билим берүү мекемелери жана компаниялар менен кызматташууну өнүктүрүүнү камтыйт.

IT-борбор 2024-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда расмий түрдө ачылган жана учурда штаттык режимде иш алып барууда.

Долбоордун ишке ашырылышы аймактагы IT-экосистеманы өнүктүрүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button