Таштандыны утилдештирилген жыйымдан түшкөн каражаттын суммасы 132,1 млн сомду түздү

2026-жылдын алгачкы 5 айында утилдештирүү (таштандыны кайра иштетүү) жыйымынан бюджетке 132,1 млн сом түштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 115,4 млн сомго көп.
«Муну менен катар табият алдындагы жоопкерчиликти сезип, бул жыйымды төлөгөн ишкерлердин саны 50дөн 259га чейин өстү», — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда «Түндүк» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иштерди толук автоматташтырылган маалыматтык системага өткөрүү аракеттери көрүлүүдө.
Мындан тышкары, өлкөдө таштандыны сорттоо, кайра иштетүү жана жок кылуу менен алектенген ишканалардын атайын реестри түзүлүүдө. Ага азыр 130га жакын мекеме кирсе, анын 17си расмий лицензияга ээ.



