«Манас» университетинин аймагында башталган курулуш иштери токтотулду

Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагында уруксат кагаздары жок башталган курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти .
Маалыматта айтылгандай, бүгүн жүргүзүлгөн текшерүүдө Жал кичи районундагы №30 даректе тиешелүү документтери жок жана мамлекеттик реестрге катталбастан жер казуу иштери жүрүп жатканы аныкталган.
Кийинчерээк бул объект аталган окуу жайдын 1100 орундуу жаңы жатаканасы экени белгилүү болду.
Мыйзам бузуунун алкагында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Битрейд Импекс» ЖЧКсына акт түзүлүп, 200 миң сом көлөмүндө айып салынды. Кемчиликтер толук жоюлганга чейин объекттеги бардык курулуш-монтаждоо иштери расмий түрдө токтотулду.
Мамлекеттик курулуш көзөмөлү бардык компанияларды шаар куруу ченемдерин так сактоого чакырат.



