Коом
20-декабрга карата аба ырайы

Бүгүн, өлкө аймактарына кар түшүп, айрым жерлерди туман капташы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында -1…4,
Таласта -2…3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 2…7,
Ысык-Көлдө 0…5 градус болот.
Ал эми Нарын жергесинде термометр 0…-5 градусту көрсөтөт.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, температура 1…3, Ош калаасында 4…6 градуска жетет.



