Коом

Өлкө ашууларында жана автоунаа жолдорунда каттам ачык

Бүгүн республикадагы ашууларда жана автоунаа жолдорунда каттам ачык. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн да чектөөлөр жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин жол-эксплуатациялоо ишканалары жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Тоолуу тилкелерде жана ашуулардан өтүүдө ведомство айдоочуларды жайкы шиналарды алдын ала кышкыга алмаштырууга, ошондой эле зарыл болгон инвентарларды жанында алып жүрүүгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button