Коом

Өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар

Бүгүн, 16-январь саат 09:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.

«Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, буга чейин 17-19-январь күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин өзгөрөрү кабарланган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button