Окуялар

Ноокаттагы эпидемиологдордун жетекчиси Айчүрөк Келдибекова каза болду

Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекова 55 жашында коронавирустан улам каза болду. Маалыматты Ноокат райондук аймактык ооруканасынын башчысы Асамидин Марипов тастыктады.

«Айчүрөк Келдибекованын жаш кезинен боору ооруйт экен. Дарыгерлер 1 ай өмүрү үчүн күрөштүк. Бирок, организм алсыз болгондуктан илдетке туруштук бере алган жок», — деди ал.

Айчүрөк Келдибекова ушул жылдын 1-майында аталган борбордун жетекчиси болуп дайындалган.

Булак: Турмуш сайты

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button