Саясат

Кыргызстан АКШ менен Ирандын кепке келишин кубаттайт

Кыргызстан АКШ менен Ирандын кепке келип, тынчтык келишимин түзүшүн кубаттайт. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бишкек процесске катышып жаткан бардык тараптарга, ШКУга мүчө Пакистанга азыркы натыйжага жеткирген активдүү ортомчулук иштери, сабырдуулугу үчүн ыраазылык билдирген.

«Кыргызстан пикир келишпестиктерди БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдеринин негизинде, бир гана саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү ырааттуу колдойт. Бул келишимге расмий кол коюлуп, ал аймакта туруктуу жана тынчтыктын узакка орношуна өбөлгө түзөт деген үмүттө», — деп айтылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button