Чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүдө жоопкерчилик күчөтүлдү

Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек аралары аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенин эскертти.
МСKнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, административдик айып пулдардын өлчөмү олуттуу көбөйтүлдү:
- жеке жактар үчүн — 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин;
- юридикалык жактар үчүн — 28 миң сомдон 65 миң сомго чейин.
Эгерде укук бузуу бир жыл ичинде кайталап жасалса, санкциялар төмөнкүдөй жогорулайт:
•жеке жактар үчүн — 20 миң сомдон 40 миң сомго чейин;
•юридикалык жактар үчүн — 65 миң сомдон 100 миң сомго чейин.
Айып пулдардан тышкары, мыйзамсыз алып өтүлгөн товарларды милдеттүү түрдө конфискациялоо каралган.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, акыркы убакта «Ак-Жол» эсепке алуу пункту аркылуу жеңил унаалар менен көзөмөлдү айланып өтүп, коштоочу документтерсиз товарларды алып кирүү аракеттери көбөйгөн. Мындай товарлардын катарына косметика, биологиялык активдүү кошулмалар, дары-дармектер, тамеки продукциясы, уюлдук телефондор, вейптер жана электрондук тамекилер кирет.
Салык кызматы жарандарды жана ишкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырды. Бул айып пулдардан, конфискациядан жана башка таасир этүүчү чаралардан сактанууга мүмкүндүк берет.



