Коом

Пакистандык туристтерди чакырган компанияларга аларды көзөмөлдөө милдеттендирилиши керектиги айтылды

Депутат Султанбек Анарбаев пакистандык туристтерди чакырган компанияларга аларды көзөмөлдөө милдеттендирилиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

«Турист келсе жакшы, көп акча түшүп жатат. Туристтер келгенде фирмалар чакырган деп айтып жатасыздар. Аларды көзөмөлгө алуу ошол компанияларга милдетттендирилиши керек», — деди ал.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кыргыз өлкөсүнө келе жаткан Пакистандын, Индиянын туристтери боюнча алгоритм иштеп чыгышкандарын айтты. «Чакырып жаткан компаниянын жоопкерчилигин көзөмөлгө алып жатабыз. Ысык-Көлдө пакистандык туристтер көп жүрөт деп талкуу болду. Ысык-Көлдүн тургундары сезон бүткөндө келип жатышат деп рахмат айтып жатышат. Ал жагын дагы карап көрүш керек», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button