Коом

Соттук-эксперттик кызмат 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

7 миңден ашык дайындалган экспертизалар,алардын татаалдыгынын өсүшү жана акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн 14 миллион сомго жакын киреше. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттукэксперттик кызматта (СЭК)2025жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча коллегия болуп өттү.

Алсак,отчеттук мезгил ичинде СЭКке укук коргоо жана сот органдарынан экспертизаларды дайындоо боюнча 7 268 токтом жана аныктама келип түшкөн. Негизги жүктөм салттуу түрдө борбордук аппаратка туура келип (бардык дайындоолордун дээрлик 66%), ошол эле учурда аймактык бөлүмдөрдүн, өзгөчө Түштүк башкармалыгынын иш көлөмү байкаларлык өскөн.

Жыл ичинде Кызматтын эксперттери тарабынан корутунду берүү менен 6 285 экспертиза жүргүзүлгөн, анын ичинен дээрлик 88% татаал жана орто татаалдыктагы изилдөөлөр түзөт. Алгачкы экспертизалардын саны олуттуу өскөн. Өз кезегинде, кайрадан, кошумча жана комиссиялык экспертизалар азайган, бул эксперттик изилдөөлөрдүн сапаты жогорулагандыгынан кабар берет.

Экспертизалардын эң көп саны соттук-автотехникалык, криминалисттик, лингвистикалык жана дин таануу, ошондой эле соттук-баллистикалык, трасологиялык жана жарылуу-техникалык экспертиза бөлүмдөрү тарабынан аткарылган.

Экспертизалардын негизги демилгечилери болуп мурдагыдай эле ички иштер органдары саналат (бардык дайындоолордун дээрлик 80%). Ошондой эле соттор, прокуратура, УКМК жана башка мамлекеттик органдар СЭК менен жигердүү кызматташууда.

Аймактар боюнча экспертизалар эң көп Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында дайындалган.

2025-жылы Кызмат акы төлөнүүчү мамлекеттик эксперттик кызматтарды көрсөтүүнү улантты. Кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттын жалпы суммасы 14 008 763 сомду түзүп, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге көп.

Экспертизалардын санынын жана татаалдыгынын өсүшү, изилдөөлөрдүн тизмесинин кеңейиши жана акы төлөнүүчү кызматтардын өнүгүшү Соттук-эксперттик кызматка жүктөмдүн көбөйгөндүгүн жана ошол эле учурда аны уюштуруу ишинин өркүндөтүлүп жаткандыгын күбөлөйт.

Тектеш кабарлар

Back to top button