Коом
Протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси менен илимий методикалык борбор кызматташтык меморандумга кол коюшту

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана Республикалык илимий-методикалык борбор кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Анын алкагында РПОБМнын базасында протездик-ортопедиялык буюмдарды өндүрүү жана бут кийимдерди даярдоо боюнча адистерди окутуп, стажировкадан өткөрүп, кийин ишке орноштурушат.
Ошондой эле Жалал-Абад жана Нарын шаарларында кесиптик лицейлердин базасында РПОБМнин мастерлери адистерди практикада түрүндө окутушат.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча адистер кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээли жөнүндө диплом алышат.



