Кызыктар
12-13-октябрда коомдук транспорттун каттамдары өзгөрөт

12-13-октябрда борбор калаада КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтүшүнө байланыштуу No6,11,14 троллейбус каттамдары токтотулат.
Ошондой эле ушул мезгилге троллейбустардын маршруттук схемалары өзгөрөт:
Тунгуч кичи районунан №5 маршруттук каттам – 8 мкр.га чейин.
№2 жана №10 маршруттук каттамдар Чүй проспектисинде гана токтобостон, өз тартиби боюнча иштейт.
Автобустар жана кичи автобустар кадимки режимде иштешет.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.



