Коом
Аламүдүн районунда 100 үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр таратылды

Аламүдүн районун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районуна караштуу 3 айыл аймагында жашаган аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө бир тоннадан таратылган.
Белгиленгендей, кайрымдуулук иш-чарасы «Смарт Дженерейшн» (Smart Generation) жана «Ихсан Хаирия» (Ihsan-Hairia) кайрымдуулук фонддору тарабынан каржыланды.



