Коом

Баткенде техникалык коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга айып салынды

Баткенде коопсуздукту сактабаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүү учурунда Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндө курулуп жаткан 7 кабаттуу турак үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Золотой Квадрат» ЖЧКга карата Укук бузуулар кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button