«Каш-Кулак» эс алуу аймагында кайгылуу окуя катталды

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, 8-февраль күнү саат 21:40 чамасында Аламүдүн райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө лыжачы кыздын капчыгайга кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, 2006-жылы туулган Т.А. аттуу жаран достору менен бирге лыжа тебүү үчүн эс алуу базасына келген. Ски-пасс алгандан кийин компания трассага чыккан. Ылдый түшүү учурунда кыз жогорку ылдамдыкта бара жатып, жар боюнда орнотулган аркан тосмону бузуп өтүп, ылдый кулап кеткен.
Жабыркаган кыз ыкчам түрдө Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнүн реанимациясына жеткирилген. Дарыгерлердин алдын ала маалыматына караганда, анын эки буту, сол колу жана омурткасы сынган.
Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иш-чаралары улантылууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.



