Окуялар

Базар-Коргондо 15 жаштагы кыз чоң атасы тарабынан зордукталган

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 71 жаштагы киши небересин зордуктоого шектелип камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 34 жаштагы жаран милицияга кайрылып, 15 жаштагы кызын зордуктаган кишиге чара көрүүнү суранган. Облустук милиция өспүрүмдүн боюна бүтүп калганын маалымдады.

Аталган маалымат 2026-жылдын 5-февраль күнү Базар-Коргон РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле кызга карата тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Козголгон кылмыш ишине шектүү катарында, 2026-жылдын 5-февраль күнү Базар-Коргон районунун 71 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалып, Базар-Коргон райондук соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button