Коом
Камчыбек Ташиев минкаб төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, Ташиев аталган кызматка 2020-жылы 16-октябрда дайындалган.



