Дүйнө

Япониянын соцтармагында Элчи Омуралиевди мурдагы премьер-министрине окшоштурушууда

Кыргыз Республикасынын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп Эрмек Омуралиевдин дайындалышы социалдык тармактарда күтүүсүздөн вирустук темага айланды. Мунун себеби кыргыз дипломатынын Япониянын мурдагы премьер-министри Шигеру Исибага сырткы окшоштугу болуп, бул Япониядан миңдеген колдонуучулардын көңүлүн бурду.

Омуралиевдин дайындалышы тууралуу жаңылыкты 18-февралда жергиликтүү басылмалар X социалдык тармагына жарыялашкан. Пост тез арада популярдуулукка ээ болуп, жапон колдонуучулары аны Исибага окшоштугун массалык түрдө белгилеген комментарийлерин жаза баштаган.

Белгилей кетсек, Шигеру Исиба — белгилүү жапон саясатчысы, 2024–2025-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button