SpaceX IPO акцияларын сатыкка чыгарат. Бул Илон Маскты триллионер кыла алат

Илон Масктын SpaceX компаниясы IPO — акцияларын алгачкы жолу ачык сатыкка чыгаруу боюнча арыз берди. Бул Уолл-стрит тарыхындагы эң ири IPO болушу мүмкүн экенин CNBC билдирди.
IPOнун башкы уюштуруучусу болуп Goldman Sachs банкы тандалды. 2026-жылдын февралында Масктын жасалма интеллект тармагындагы стартапы болгон xAI менен бириккенден кийин, SpaceX компаниясынын баасы 1,25 триллион долларга бааланган.
Илон Масктын компаниядагы көзөмөлдөөчү үлүшү 600 миллиард доллардан ашык болушу мүмкүн. 2025-жылы ал байлыгы 500 миллиард доллардан ашкан дүйнөдөгү биринчи адам болгон. Эми SpaceXтин IPOсу анын жалпы байлыгын дагы көбөйтүп, дүйнөдөгү биринчи триллионер кылышы мүмкүн.
SpaceX — быйыл биржага чыгышы күтүлүп жаткан жасалма интеллект тармагындагы үч ири компаниянын биринчиси. Калган экөө — OpenAI жана Anthropic (Claude чат-ботунун иштеп чыгуучусу).
Үч күн мурун Илон Маск OpenAI жана анын жетекчиси Sam Altman каршы сот ишинде утулуп калган. Маск Альтманды алдамчылыкка айыптап, OpenAI компаниясын коммерциялык форматка өткөрүп жибергенин айткан. Себеби Маск мурда бул компанияга миллиондогон доллар инвестиция салган эле.



