Минкаб мигранттарга иштетүү үчүн 200 миң гектар ээси жок жерди берүүгө даяр

Министрлер кабинети эмгек мигранттарына иштетүү үчүн 200 миң гектар ээси жок жерди берүүгө даяр. Бул тууралуу Жогорку Кенештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
Анын айтымында, жүргүзүлгөн ревизиянын жыйынтыгында өлкөдө 614 миң гектар ээси жок жер бар экени аныкталган.
«Анын ичинен азыр 200 миң гектар жерди айыл чарба муктаждыктары үчүн берүүгө даярбыз. Бул демилге жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана эмгек мигранттарын колдоого багытталган. Жерде иштейм дегендерге тилкелерди суу жана электр энергиясы менен камсыздоого даярбыз. Ал эми мигранттар өз каражаттарына жерлерин тосуп, тамчылатып же жамгырлатып сугаруу үчүн керектүү жабдууларды сатып алып, айыл чарба иштери менен алектенишет. Каалоочулардан арыздар түшө баштады», — деди Жаныбек Керималиев.



