Коом

Ак-Буура дарыясынын боюнан студент кыздын жансыз денеси табылды

Оштогу Ак-Буура дарыясынын боюнан медициналык колледжинин 2-курсунун студентинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

28-июнь күнү Ош шаарынын Курманжан-Датка кичи районунун аймагынан, Ак-Буура дарыясынын боюнан белгисиз 20-25 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан ал аялдын аты-жөнү аныкталып, ал Баткен районунун тургуну экендиги, Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 2-курсунун студенти экенди такталган.

Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча атайын экспертиза дайындалды, ар тараптуу иликтөө иштери бир нече версия боюнча жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button