Коом

Акыркы беш жыл ичинде күрөөканаларга 8 миллион 414 миң сом айып салынган

Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда 111 ломбарддын лицензиясы жокко чыгарылып, 11 лицензиянын иши убактылуу токтотулган, ал эми салынган айып пулдардын жалпы суммасы 8 миллион 414 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Мекеме ломбарддык ишмердүүлүктү реформалоонун беш жылдык жыйынтыгын чыгарды. Бул мезгил аралыгында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, калктын карыз жүгүн азайтууга жана рынокту көмүскө аймактан чыгарууга багытталган сектордук трансформация жүргүзүлгөн.

2024-жылдын май айынан тартып жылдык пайыздык ченге мыйзамдуу түрдө «Улуттук банктын чени + 12 пайыз» формуласы боюнча чектөө киргизилген. Иш жүзүндө бул насыялардын баасын жылына болжол менен 30 пайыз деңгээлине чейин төмөндөтүп, 100–300 пайыз менен акча берүү учурларын жойгон.

Ошондой эле 200 миң сомго чейинки насыялар боюнча карыз алуучулар тууралуу маалыматтарды кредиттик бюролорго берүүгө тыюу салынган. Бул жарандардын жеке маалыматтарын коргоп, майда тиричилик насыяларынан улам алардын кредиттик таржымалынын начарлашын алдын алат. Мындан тышкары, Министрлер Кабинети ломбарддарга кардардын милдеттенмелерин көбөйткөн шартта келишимдин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө тыюу салды.

Жөнгө салуучу орган ички көзөмөл жана кардарлардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо талаптарын күчөттү. Күрөө мүлкүнүн сакталышы жана аны мыйзамсыз кармап калууга жол бербөө өзгөчө көзөмөлгө алынган. Ломбарддар тобокелдиктерди башкаруу системаларын киргизүүгө милдеттендирилди, ал эми Финкөзөмөл алардын ишмердүүлүгүн тобокелдикке багытталган мониторингге өткөрдү.

Рынокту консолидациялоо үчүн капиталды этап-этабы менен көбөйтүү графиги киргизилди. 2025-жылдын 1-январынан тартып минималдык талап 3 миллион сомду түзөт, 2026-жылдын июлуна чейин 7 миллион сомго, 2027-жылы 14 миллион сомго, ал эми 2028-жылдын июлуна карата 20 миллион сомго жетиши керек.

2026-жылдын 25-февралына карата Кыргызстанда расмий түрдө 383 ломбард иш жүргүзүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button