УКМК: Пара алуу фактысы боюнча Биринчи Май райондук ИИБдин жетекчисинин орун басары жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБнин кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алып, КР жараны А.М.М.ге карата кылмыш ишин козгошкондугу жана андан кийин бул ишти токтотуп берүү үчүн ортомчу катары юридикалык өкүл К.А.Т. аркылуу жабырлануучунун уулу М.У.М.дан 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкандыгы аныкталган..


Андан ары М.У.М. тарабынан талап кылынган акча каражатынын бир бөлүгү 20 миң АКШ доллары К.А.Т.ка өткөрүлүп берилген. Ал өз аракеттерине мыйзамдуу көрүнүш берүү максатында аталган акча каражатын Биринчи Май райондук ИИБнин кызмат адамдарына өткөрүп берүү максатында Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын бирине калтырган.



Жүргүзүлгөн беттештирүүлөрдүн жана башка тергөө иш-аракеттеринин негизинде Биринчи май райондук ИИБнин башчысынын орун басары А.Н.А. жана Биринчи май райондук ИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы А.И.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.



