Баткен облусунда жасалма мөңгүлөр тоңдурулду

Баткен облусунда жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу президенттин облустук өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Маалыматка ылайык, Баткенде бул долбоордун алкагында жети жасалма мөңгү тоңдурулган. Алар Баткен районунун Газ, Согмент, Булак-Башы, Кайыңды жана Лейлек районунун Айбике, Көк-Таш, Сумбула айылдарында жайгашкан. Кыш мезгилинде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 миллион куб метрден ашык суу топтолгон.
«Жасалма мөңгүлөр – кышында сууну топтоп, жаз жана жай мезгилинде айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн пайдаланууга багытталган заманбап жана натыйжалуу ыкма. Бул ыкма суу тартыштыгы күч алган аймактар үчүн өзгөчө маанилүү», – деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоор аймактын туруктуу өнүгүүсүнө, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү экономиканын бекемделишине өбөлгө болууда.



