Окуялар
Ноокатта 21 жаштагы келин өз жанын кыйып каза болду

Ноокат районунда 21 жаштагы келиндин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга 20-февралда арыз түшкөн. Анда Көк-Бел айылынын 21 жаштагы тургуну өз үйүндөгү мал сарайда жанын кыйганы маалымдалган. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки иштер башталды.
Ал эми соцтармакта келин бир жыл мурун турмушка чыкканы, кош бойлуу болгону айтылууда. Ошондой эле келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгени, акыркы жолу апасына WhatsApp тиркемесинен күйөөсү дагы урганын айтып, алып кетүүсүн суранганы тарап жатат.


