Коом

УКМК: Жалал-Абад облусунун аймагында «Хизб-ут-Тахрир» ДЭУнун таасирдүү лидери кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун республикалык деңгээлдеги иерархиясына кирген башчыларын жана жогорку даражалуу функционерлерин нейтралдаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2026-жылдын 7-мартында кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунда туруктуу түзүмгө ээ болгон «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун лидерлерин жана функционерлерин нейтралдаштыруу боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун таасирдүү лидерлеринин бири М.Н.Э. кармалды. Ал аталган экстремисттик уюмдун иерархиясында Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча масул (лидер) катары көрсөтүлгөн.

Аталган жаран Кыргыз Республикасындагы Хизб-ут-Тахрир уюмунун лидери жана дүйнөлүк Хизб-ут-Тахрир системасындагы Кыргыз Республикасынын өкүлү менен байланышын сактап келген. Ал бир нече жылдар бою Жалал-Абад облусунун калкынын арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, жаңы жактоочуларды тартуу, экстремисттик материалдарды таратуу жана катардагы мүчөлөрдөн экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо үчүн каражат чогултуу менен алектенген.

Кармалган жаран кылмыш ишинин алкагында УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда уюмдун түзүмдүк уячаларын жана башка кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

КР УКМК жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button