Окуялар

Бишкекте аялды алдоо жолу менен 1,8 млн сом алган шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ИИБге жаран Х.Л. жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Анын айтымында, 2026-жылдын 1-февралында ага белгисиз адамдар телефон чалып, өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алар ишенимине кирип, анын банктагы эсептери терроризмди каржылоого байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтышкан.
Акчаны «коргоо» жана эсептерди «текшерүү» шылтоосу менен алдамчылар аялды соода борборлорунун биринде жайгашкан терминал аркылуу акча которууга көндүрүшкөн. Натыйжада ал 1 миллион 888 миң сом которуп берген.

Бул факт боюнча Ленин райондук ИИБдин тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 2006-жылы туулган Т.Б. аттуу шектүүнү аныктап, кармашкан. Ал тергөө кызматына жеткирилди.

Шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button