Окуялар

Экс-депутат Нургазы Нишанов менен Назгүл Айдарова убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Нишанов жана Назгүл Айдарова сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, парламенттин экс-депутаты, «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов жана «Регион Ойл» компаниясынын директору Назгүл Айдарова коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурактан кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, буга чейин Ички иштер министрлиги КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКсындагы мүмкүн болгон мыйзам бузуулар фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн башталышына Мамлекеттик салык кызматы тарабынан даярдалган «Өздөрүнө нефть: “Кыргызнефтегазды” кантип талкалашкан» аттуу иликтөө видеоматериалдары себеп болгон. Анда ишкананын кызмат адамдарынын мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button