Камчыбек Ташиевдин тергөөнүн сырын сактоого тил кат жазып бергени айтылды

Камчыбек Ташиев ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгонун укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Беш саатка жакын сурактан кийин Камчыбек Ташиев тергөө амалдары боюнча ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгону белгилүү болду. Имараттын алдына бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чогулган. Бирок Камчыбек Ташиев журналисттерге эч кандай комментарий берген жок.
Эске сала кетсек, бүгүн Кыргызстанга келгенден кийин УКМКнын мурдагы жетекчиси козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берүү үчүн ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилген.
Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, аны аэропорттон уулу Тай-Мурас тосуп алып, милиция бөлүмүнө чейин коштоп барган.
Буга чейин «Кыргызнефтегаздын» 2021-жылдан берки кирешеси Ташиевдердин жакын чөйрөсүнүн колунда калганы тууралуу маалымат тараган. Салык кызматы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген иш-аракеттер аныкталганын кабарлап, ага Ташиевдер кланынын тиешеси болгонун билдирген. Факт боюнча иш козголгону кабарланды.



