Коом

25-мартка карата аба ырайы

25-март, шаршембиде, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Талас аймагында +14…+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19…+25, Ысык-Көл жергесинде +12…+17, Нарын өрөөнүндө +7…+12 градус жылуу болот.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +20…+22, Ош шаарында +22…+24 градуска чейин көтөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button