Окуялар

Сокулукта 9 жаштагы бала изделүүдө

Сокулукта 9 жаштагы Нурислам Шайдуллаев изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 26-мартта саат 16:00дө Шопоков шаарынын Достук көчөсү, №43 үйүнөн велосипед менен ойноп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Бул факты боюнча материал катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилери: бою 120 см, арык дене түзүлүштө, чачы күрөң, көздөрү кара. Өзгөчө белгилери жок.

Кийген кийимдери: ак футболка, көк шым.

«Эгерде Нурислам Шайдуллаевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0312 60-75-67», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар

Back to top button