Италия Иранга каршы согушка катышкан америкалык учактардын конуусуна уруксат берген жок

Италия АКШ жана Израиль тарабынан Иранга каршы согушка катышкан айрым америкалык аскердик учактарга Сицилия аралындагы Сигонелла базасына конууга уруксат берген жок. Бул тууралуу 31-мартта италиялык Corriere della Sera басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, окуя «бир нече күн мурда» болгон жана конууга тыюу салуу чечимин Италиянын коргоо министри Гвидо Крозетто өзү кабыл алган.
Басылманын жазышынча, америкалык бомбалоочу учактар Сицилияга багыт алып, абада учуп келе жаткан учурда эле италиялык тарап конууга уруксат берген эмес. Учактар Сигонелла базасына конуп, андан ары Жакынкы Чыгышка жөнөмөк. Бирок учуу планы тууралуу италиялык командачылык алдын ала кабардар болгон эмес жана тиешелүү макулдашуулар жүргүзүлгөн эмес — дал ушул себептен улам уруксат берилген эмес.
Сигонелла аскердик аэродрому Сицилиянын чыгышында жайгашкан. Ал жерде Италиянын аба күчтөрүнүн да, АКШнын деңиз күчтөрүнүн да базасы бар. Ошондой эле бул база НАТО өлкөлөрү тарабынан да колдонулат.
Ошол эле учурда Италиянын коргоо министри социалдык тармактагы баракчасында АКШга карата эч кандай чектөө киргизилбегенин билдирди. Анын айтымында, Италия америкалык күчтөр үчүн базаларды колдонууга тыюу салган деген маалымат чындыкка дал келбейт, базалар кадимкидей иштеп жатат жана АКШ менен эч кандай чыңалуу жок.
Ал эми 30-мартта Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес өлкө Ирандагы согушка катышкан америкалык учактар үчүн аба мейкиндигин жапканын билдирген.
Анын сөзүнө караганда, Испания өзүнүн аскердик базаларын жана аба мейкиндигин Иранга байланыштуу аскердик аракеттер үчүн пайдаланууга уруксат бербейт. Мындан тышкары, үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкан америкалык учактарга да чектөөлөр киргизилген. Учактарга учуп өтүүгө же конууга өзгөчө кырдаалдарда гана уруксат берилет.



