Коом

Текебаев: Акыркы жылдары Кыргызстанга түз инвестициялар болгону 30 пайызга гана көбөйдү

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында акыркы жылдары Кыргызстанга түз инвестициялар болгону 30 пайызга гана көбөйгөнүн билдирди.

Ал акыркы жылдардагы статистиканы келтирди. Анын айтымында, 2018-жылы Кыргызстанга 851 миллион доллар инвестиция келген, 2019-жылы — 1 миллиард доллар, 2020-жылы — 537 миллион доллар, 2021-жылы — 1 миллиард доллар, 2022-жылы — 1 миллиард доллар, 2023-жылы — 844 миллион доллар, 2024-жылы — 1 миллиард доллар, 2025-жылы — 950 миллион доллар.

«Биз экономика өсүп жатат деп айтып жатабыз, бирок сандар өзүңөр көрүп тургандай. Бул багытта дагы көп иштер жасалышы керек», — деди элчи.

Белгилей кетсек, депутаттар Германия Федеративдик Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин 2022–2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угуп жатышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button