“Ак-Ордо“ конушундагы өлүм: Сапармурат 2 адамды бычактап, өзүнө ок тийип каза болгонго чейинки хронология

Борбор калаадагы Ак-Ордо конушунда 2 адамды бычактап өлтүргөн шектүү 14- октябрда качууга аракет кылганда ок тийип каза тапканы маалым болгон.
ИИМдин маалыматы боюнча окуянын хронологиясы:
«Ильясов Сапармурат Майрамбекович 2006-жылдын 17-апрелинде, кадимки карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн.
Жай мезгилинде Чолпон-Атада жайкы эс алуу жайлардын биринде убактылуу тейлөөчү болуп иштеген. Бирок 27-сентябрда жумуштан бошотулуп, 3 күндөн кийин Бишкекке көчүп келген.
30-сентябрда үйүнөн буюм-тайымдарын алып чыгып, Гагарин көчөсүндөгү «New Hostel» аттуу мейманканага жайгашкан. Жумушсуз жана акчасыз калган Сапармурат эки күндүн ичинде топтогон акчасын коротуп материалдык кыйынчылыкка туш болгон.
Ушундан улам ал борбордогу жаңы конуштардын биринде уурулук кылуу планын түзө баштаган.
2-октябрда Сапармурат «Орто сай» базарына барып эки башка сатуучудан эки даана ашкана бычагын сатып алган. Ошондой эле курулуш кол каптарын да алган.
Жатаканага кайтып келип, кеч киргенди күтө баштаган. Ошентип ал кара түстөгү ак сызыктуу бомбер курткасын, кара спорттук шымын жана боз спорт бут кийимин кийип, барсеткасын асынып алып чыккан. Барсеткасынын ичинде кол кап, бычактар жана ак түстөгү кепкасы болгон.
Андан соң маршруттук такси менен Ак-Ордо-3 жаңы конушуна жол тарткан. Саат 18:44тө ал ошол конуштагы «Неман» даарыканасына кирип, 2 медициналык беткап сатып алган.
Кечкисин көчөлөрдү айланып жүрүп, уурулукка ылайыктуу үй издей баштаган. Көзүнө конуштун четиндеги жаңы курулган эки кабаттуу үй түшкөн. Болжоп коюп, Сапармурат дагы башка үйлөрдү карап, кыдырып жүргөн.
3-октябрга караган түнү саат 3:00гө жакын ал болжоп койгон үйгө уурулукка кирүүнү чечкен. Бийик дубалдын жанындагы кум блокторду колдонуп, короого кирип, андан соң ачылып калган ашкана эшигинен үйгө өтүп кирген. Ал баскан изи угулбашы үчүн бут кийимин чечип койгон.
Медициналык беткап кийип, колуна бычак кармап, чоң бөлмөгө өтүп барганда үй ээси, аялы жана 3 баласы уктап жатканын көргөн. Үйдү тинтип жаткан учурда үй ээси ойгонуп, алардын ортосунда мушташ чыккан. Ызычуудан аял менен балдар да ойгонуп, үйдө жарык күйгөн. «Паникага» түшкөн Сапармурат үй ээсине туш келди бычак менен сокку жасаган.
Эксперттер 18 жолу бычак сайылган деп эсептешкен. Кармаш учурунда маркум анын беткаптарын жулуп алган. Бакырык, ызы-чуудан чоочуп, экинчи кабаттан түшүп келген эжеси да кылмышкерди токтотууга аракет кылган. Ал дагы кылмышкердин жүзүн көрүп калганына байланыштуу, кылмышкер 11 жолу бычак сайганга үлгүргөн.
Ошол маалда үй ээсинин аялы 3 баласы менен терезеден чыгып кеткенин көрүп, абалы оор экенин түшүнгөн кылмышкер үйдөн качууну чечкен. Сырткы видео байкоо камераларынын жазууларына ылайык, Сапармурат каргашалуу окуядан кийин дароо түнкү саат 3төр чамасында шыптуу үйдүн короосунун дубалынан ашып, качып кеткен. Ал бир нече коңшу үйлөрдүн короолорун кесип өтүп, жолдо үй ээси менен жубайына таандык 2 уюлдук телефонду курулуш таштандыларынын арасына катып коюуга үлгүргөн.
Ошондой эле жолдон ал суу колонкасын көрүп, бетиндеги кандын тактарын жууну чечкен. Андан кийин бетинде кандын тагы жок экенине ынануу үчүн өзүн сүрөткө тарткан.
Кийинки 20 мүнөттүн ичинде ал, белгисиз багытта ылдам темп менен басып, ачык талаага чыккан. Андан ары 4:33 мүнөт өткөндө адашып калганын түшүнүп, тегерек четти байкоо үчүн Сапармурат уюлдук телефонун күйгүзгөн.
Телефонду геолокациясынын жардамы менен багытын аныктап, Ала-Тоо-3 жаңы конушун көздөй жөнөгөн. Саат 6:4 мүнөт өткөндө ал «яндекс» тиркемеси аркылуу Эркин-Тоо-9 дареги боюнча таксиге буюртма кылган. Акыркы бара турган жери катары «New Hostel» мейманканасынын дареги көрсөтүлгөн. Бул окуя боюнча буюртма алган такси айдоочусу дагы Сапармуратты таанып, кийип жүргөн кийиминин кир экенин тастыктап берген.
Саатт таңкы 6:30да Сапармурат мейманканага кайтып келген.
Ал жатаканага кирип, колуна бомбер курткасын салган кара пакет кармап алган. Ошондой эле видео байкоодо болжол менен каза болгон адам менен кармашуудан кийин кылмышкердин аксап басып калганы байкалган. Эки күн бою ал мейманканада эчнерседен кабары жок болуп, жаңылыктарды кылдат иликтеп, 2 адамдын өмүрүн алган кылмыш тууралуу кабар табууга аракет кылган. Ошондой эле «чат гпт» тиркемесинен ар түрдүү суроо-талаптарга жооп издеген.
Ушул эле күндөрү Сапармураттын досторунан бири аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган сүрөттөрүнүн биринен таанып, анын коркунучтуу кылмышка тиешеси бар жогуна кызыккан. Бирок шектүү так жооп берүүдөн качууга аракет кылып, чалууларына дагы жооп берген эмес.
6-октябрь күнү түштөн кийин Ата-мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарына багыттама жарыялангандан кийин, Сапармурат Бишкектен чыгып, Каракол шаарына баруу чечимин кабыл алган. Кетээрдин алдында ал кылмыш болгон күнү кийген кийимдерин Островский көчөсүндөгү таштанды челекке ыргытып жиберген.
Кийинчерээк ыкчам кызматкерлер Сапармураттын кара курткасын таштандыдан жергиликтүү селсаяк алып кеткенин аныкташкан. Курткада кароо жүргүзгөн кезде кандын тактары аныкталып, экспертизанын корутундусунун негизинде маркумдун каны экени далилденди. Ошол эле күнү шектүү автобекетке келип, коомдук транспорт менен Ыссык-Көл облусунун аймагына кеткен.
Каракол шаарына келген Сапармурат жергиликтүү компьютердик клубдардын биринде түнөгөн. 7-октябрда эртең менен ал борборго кайтып келүүнү чечкен. Бишкекке бараткан Сапармурат кылмыш куралдарынан кутулууну чечип, бычактарды Боом капчыгайындагы «Жибек жолу» кафесинин дааратканасынын жанына каткан. Саат 14:16да коопсуз өлкө системасынын видеокамерасы Сапармуратты Бишкекке киргенде автобекеттин аймагында каттаган.
Андан соң ал ата-энесинин үйүнө барган учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалган.
Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Сапармурат жасаган кылмышын толугу менен айтып берип, эки адамды өлтүрүүнүн жагдайларын тастыктап, далил заттарын кайсыл жакка таштап, каткан жерлерин милиция кызматкерлерине толугу менен жактоочусунун катышуусунда көрсөтүп берди.
Шектүү адамдын жасаган кылмыштан кийинки аракеттерин чагылдыруу максатында жүргүзүлгөн тергөө эксперименттеринен кийин Каракол шаарынан кайтып келе жаткан учурда Сапармурат ажатканага барууну өтүнгөн. Ошол учурда аны коштоп жүргөн милиция кызматкери өз колунан кишенди чечип, кылмышкердин экинчи колуна бекитип, ажатканага жиберген.
Учурдан пайдаланып, ал ажатканага барымыш болуп, талаа аралап качкан. Коштоп жүргөн милиция кызматкерлери шектүүнү качырбоо максатында КРнын Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү мыйзамынын 45-46-беренелерине ылайык, табелдик куралды колдонууга мажбур болушкан. Эгерде кылмышкер качып кетүүгө үлгүрсө, өтө оор кылмыштарды кайталап жасоо менен коомго коркунуч жаратмак»,- деп айтылган ИИМдин



