УКМК: Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген жер аянты мамлекетке өттү — ВИДЕО

Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги стадионго тиешелүү саунаны 0,35 га жер аянты менен ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги стадионго тиешелүү саунаны 0,35 га жер аянты менен жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында, Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги стадионго тиешелүү саунаны 0,35 га жер аянты менен ээси өз ыктыяры менен мамлекетин балансына өткөрүп берди.



